Айыл чарба өсүмдүктөрү
АЙЫЛ-ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ӨСҮП-ӨНҮҮСҮНҮН ШАРТТАРЫ
КҮЗДҮК ЭГИНДЕР. Күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери Жети-Өгүз, Бакай-Ата жана Лейлек аймактарында октябрдын экинчи, Жайыл жана Кара-Суу аймактарында октябрдын үчүнчү он күндүктөрүндө, калган аймактарында ноябрь айынын биринчи он күндүктөрүндө жүргүзүлгөн.
Өсүмдүктөрдүн чыгышы 4-8 күндөн кийин байкалды. Октябрдын үчүнчү он күндүгүндө Жети-Өгүз аймагында, ноябрдын биринчи, экинчи он күндүктөрүндө Кадамжай, Раззаков жана Кара-Суу аймактарында жана үчүнчү он күндүгүндө Бакай-Ата аймагында өсүмдүктөрдө үчүнчү жалбырак пайда болду, бийиктиги 5-6 см, 12м өсүмдүктөрдүн жыштыгы себүү аянттарында 138-399 болду. Абанын температурасынын төмөндөшү менен декабрдын биринчи он күндүгүндө өсүмдүктөрдүн өсүп-өнүүсү токтоду.
ЖАЗДЫК ЭГИНДЕР. Сентябрдын экинчи он күндүгүндө Нарын аймагында эгин толук бышып, калган аймактарында жыйноо иштери аяктаган.
СЕБИЛГЕН КӨП ЖЫЛДЫК ЧӨПТӨР. Сентябрда Чүй облусунда жана Ноокат аймагында аймагында үчүнчү чабык өткөрүлгөн, чабыктан кийин талааларга мал жайылган.
ЖҮГӨРҮ. Сентябрдын биринчи, экинчи он күндүктөрүндө республиканын түштүгүндө, Чүй облусунда жана Бакай-Ата аймагында жүгөрү толук бышып, айдын аягында республиканын баардык аймактарында жыйноо иштери башталып, октябрь айына чейин уланды.
КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ. Чүй облусунда жалбырактарынын саргаюсу сентябрдын биринчи он күндүгүндө байкалып, жыйноо иштери сентябрдын үчүнчү он күндүгүндө башталды. Тамыр жемиштердин салмагы 1472гр болду.
ТӨӨ БҮҮРЧАК. Жыйноо иштери Талас облусунда сентябрдын биринчи, экинчи он күндүгүндө жүргүзүлдү.
ТАМЕКИ. Сентябрда Ноокат аймагында тамекинин үстүнкү катарындагы жалбырактарын жыйноо иштери аяктады.
ПАХТА. Сентябрдын экинчи, үчүнчү он күндүктөрүндө пахтанын биринчи, экинчи жыйноо иштери башталган, үчүнчү жыйноо иштери октябрдын үчүнчү жана ноябрдын биринчи он күндүгүндө башталды. бир өсүмдүктө 4,4-14,1 козек калыптанган, ачылганы 2,6-10,3 козек жана бышканы 1,6-8,6, кол менен терүү иштери уланды. Толук жыйып-терүү иштери ноябрь айынын аягында аяктаган.
МӨМӨ-ЖЕМИШ ӨСҮМДҮКТӨРҮ. Терип, жыйно иштери түштүк аймактарда, Чүй, Талас облустарында сентябрга чейин белгиленди. Алма жана алмуруттун жалбырактарынын күзгү саргайышы октябрдын ортосунда башталды. Ноябрда жалбырактар түшө баштады.
КАРТОШКА. Сентябрдын үчүнчү он күндүгүндө Ысык-Көл, Нарын облустарында, Кемин өрөөнүндө картошканын сабактарынын соолушу белгиленип, казып жыйноо иштери жүргүзүлдү, айдын аягында республиканын баардык аймактарда жыйноо иштери аяктады.
ПОМИДОР. Сентябрь айында баардык аймактарда жыйноо иштери аяктаган.
КАПУСТА. Чүй, Талас облустарында техникалык бышуусу октябрьдын биринчи экинчи он күндүгүнө чейин байкалып, жыйноо иштери жүргүзүлдү