Метеорологиялык шаттар
2024 - ЖЫЛДЫН КҮЗ МЕЗГИЛИНДЕГИ АГРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ОБЗОР
МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ШАРТТАРЫНЫН НЕГИЗГИ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАР. Күз мезгилиндеги абанын орточо мезгилдик температурасы көп жылдык климаттык ченемге салыштырмалуу ченемге чегинде жана 1°...2° жогору (Аламүдүн, Токтогул жана Баткен аймактарында 1°...2°ка төмөн) болду; өткөн жылдагы мезгилдик орточо температурага салыштырмалуу 1°...2° төмөн (Аламүдүн, Ысык-Көл жана Ат-Башы аймактарында 10 жогору) болду.
Эң ысык күндөр Чүй, Талас облустарында сентябрь айынын биринчи, экинчи жана октябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө, калган аймактарда сентябрь айында белгиленип, абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Аксы(Пача-Ата) аймагында 25...300ка, республиканын калган аймактарында 31°...34°ка чейин жогорулаган. Күзгү биринчи үшүк Ак-Суу, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Кочкор аймактарында, сентябрдын биринчи он күндүгүндө Чүй, Талас облустарында октябрдын экинчи он күндүгүндө, калган аймактарда октябрдын үчүнчү жана ноябрь айларында белгиленип, абанын температурасы Нарын облусу жана Ак-Суу аймагында -8...-13, калган аймактарда -1...-7 ка чейин болду. Күз айларында жааган жамгырдын көлөмү: Бакай-Ата, Айтматов, Ысык-Көл, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Ноокат жана Баткен аймактарында 28-98мм, Базар-Коргон, Сузак Аксы (Пача-Ата, Сары-Челек), Алай жана Өзгөн аймактарында 223-378мм, калган аймактарында 108-176мм. Мындай жааган жаан-чачын көп жылдык климаттык ченем менен салыштырганда Баткен аймагында ченемден төмөн болуп 74%, түзүп калган аймактарда ченемден жогору болуп 108-266% түздү, өткөн жылдын күз мезгилинде жааган жаан-чачын менен салыштырганда бардык аймактарда ченемден жогору болуп 93-392%ды түздү.
Мезгил ичинде жааган жаан-чачындын, өлчөмү 1мм жана андан көп болгон күндөрдүн саны:
Аламүдүн, Ысык-Ата, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Сузак, Аксы (Пача-Ата), Алай жана Өзгөн аймактарында 20-24 күн калган аймактарда 10-19 күн болду. 5мм жана андан көп болгон күндөрдүн саны: Ысык-Көл, Жумгал жана Баткен аймактарында 2-8 күн, Нарын облусунда, Аламүдүн, Сокулук, Талас, Айтматов, Токтогул, Кара-Суу, Ноокат жана Баткен аймактарында 4-9 күн, калган аймактарда 10-17 күн болду;
Ноябрь айынын биринчи, экинчи он күндүгүндө Кемин өрөөнүндө, Базар-Коргон, Кочкор жана Ак-Суу аймактарында 2-5см кар жаады, калган аймактарда кар болгон жок.
Топурактын тоңуусу октябрдын экинчи он күндүгүндө Кочкор аймагында 2см, ноябрдын экинчи, үчүнчү он күндүгүндө Алай жана Кочкор аймактарында 3-17см болду.
Катуу шамал (15 м/с жана андан катуу) Ысык-Көл ойдуңунун батыш тарабында 43 жолу, республиканын калган аймактарында 1-8 жолу белгиленди.
ЖАЙЫТТАР. Республиканын бийик тоолуу аймактарында абанын орточо температурасы салыштырмалуу ченем чегинде жана 1°...4° жогору болду, өткөн жылдын күз мезгилинин орточо температурасына салыштырмалуу 1°...2° төмөн (Байтик капчыгайында 1° жогору) болду. Эң жылуу күндөр жайыттарда сентябрдын биринчи, экинчи жана үчүнчү он күндүктөрүндө белгиленип, абанын температурасы Чычкан капчыгайында 30°, Төө-Ашуу Чоң-Ашуу ашууларында жана Кумтөр капчыгайында 11°...17°, калган жайыттарда 18°...25° жылуу болду.
Күздөгү биринчи үшүк Суусамыр, Алай өрөөндөрүндө, Төө-Ашуу, Чон-Ашуу ашууларында, Ала-Арча жана Кумтөр капчыгайларында сентябрдын биринчи он күндүгүндө жүрүп, октябрдын экинчи он күндүгүндө баардык жайыттарда катталды. Абанын эң төмөн температурасы ноябрдын үчүнчү он күндүгүндө Ала-Арча, Байтик жана Чычкан капчыгайында -7°...-8°, Суусамыр өрөөнүндө жана Кумтөр капчыгайында -23°...-24°, калган бийик тоолуу жайыттарда -15°...-18°ка чейин төмөндөдү.
Күз мезгилинде жааган жаан-чачындын көлөмү: Чон-Ашуу ашуусунда жана Кумтөр капчыгайында 47-78мм, калган бийик тоолуу жайыттарда 142-278мм болду. Мындай жааган жаан-чачындар көп жылдык климаттык ченем менен жана өткөн жылдын күз мезгилиндеги жааган жаан-чачын менен салыштырганда бардык жайыттарда ченемден жогору болуп 96-867%ды түздү.
Мезгил ичинде жааган жаан-чачындын өлчөмү 1мм жана андан көп болгон күндөрдүн саны Төө-Ашуу ашуусунда 35күн, калган жайыттарда 12-27 күн болду; өлчөмү 5 мм жана андан көп болгон күндөрдүн саны Чон-Ашуу ашуусунда 2 күн, калган аймактарда 10-19 күн болду.
Күз мезгилинде кардын бийиктиги октябрдын үчүнчү он күндүгүндө Төө-Ашуу ашуусунда 61см, Чон-Ашуу ашуусунда 8см, ноябрдын үчүнчү он күндүгүндө Төө-Ашуу ашуусунда 93см, Суусамыр өрөөнүндө 8см, Чаткал жана Алай өрөөндөрүндө, Чон-Ашуу ашуусунда жана Чычкан капчыгайында 8-25смге жетти.
Катуу шамал (15 м/с жана андан катуу) Төө-Ашуу ашуусунда 4 жолу, Кумтөр капчыгайында 8 жолу, Суусамыр өрөөнүндө 2,Чоң-Ашуу ашуусунда 1 жолу белгиленди.