Гидрология
2024-жылдын күз мезгилине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы дарыялардагы суулардын кирүүсү боюнча гидрологиялык обзор.
Күз айларында республиканын көпчүлүк дарыяларында суунун агымы жогорку ченемде байкалды, 121-259%да. Көп жылдык байкоолордун ченеминдеги агым Чоң-Кемин, Аламүдүн, Ак-Суу, Беш-Таш, Күркүрөө-Суу, Чоң-Нарын, Тар, Кара-Кулжа, Ак-Буура, Кызыл-Суу, Падыша-Ата, Араван-Сай (Каракол), Кыргыз-Ата жана Шахимардан дарыяларында байкалды. Төмөнкү ченемде, - 68%да, Куршаб дарыясында гана байкалды.
Ноябрь айында суулардын музга капталышы: ай арасында жээк муздары менен шыргалаң – Чоң-Нарын жана Кичи-Нарын дарыяларында; жээк муздары ай арасында – Тургень-Ак-Суу жана Жети-Огүз дарыяларында; жээк муздары менен шыргалаң – Нарын (Нарын ш.) жана Талас (Ак-Таш) дарыяларында экинчи жана үчүнчү он күндүгүндө байкалды; жээк муздары – Жыргалан жана Чон-Кызыл-Суу дарыяларында экинчи он күндүгүндө байкалды.