Айыл чарба өсүмдүктөрү
АЙЫЛ-ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ӨСҮП-ӨНҮҮСҮНҮН ШАРТТАРЫ
КҮЗДҮК ЭГИНДЕР. Республикада күздүк дан өсүмдүктөрдүн өрчүү мезгили Жети-Өгүз, Жайыл, Ноокен, Кара-Суу жана Ноокат аймактарында марттын биринчи он күндүгүндө, Өзгөн жана Кара-Бура аймактарында марттын экинчи он күндүгүндө, калган аймактарда марттын үчүнчү он күндүктөрүндө башталган. Күздүктөр бул мезгилде Ыссык-Ата, Өзгөн, Жети-Өгүз Жайыл жана Кара-Суу аймактарында “үчүнчү жалбырактын пайда болушу”, Сузак аймагында “түйүндүү тамырдын пайда болушу”, калган аймактарда өсүмдүктөрдүн “чыгуу”, “трубкага келүү” фазаларында кыштан чыгышты. Өсүмдүктөрдүн бийиктиги 9-22см, 1м2дагы жыштыгы 225-454 башты түздү. Талаалардын абалы канааттандыраарлык абалда болду. Март айынын аягында топурактын үстүнкү катмарындагы (0-10; 0-20 см) өнүмдүү нымдуулук, эң төмөнкү талаа нымдуулугунан (ТТН) Кара-Суу жана Жети-Өгүз аймактарында оптималдуу ченемден жогору болуп 81-154%ды түздү.
Апрель айынын аягында Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу, Талас жана Бакай-Ата аймактарында күздүк кылкандуу дан эгиндеринде “топ-топ болуп чыгуу”, Жети-Өгүз, Жайыл жана Сузак аймактарында “трубкага келүү”, Кадамжай аймагында “төмөнкү жалбырак түйүндөрүнүн пайда болуу” фазалары белгиленди. Өсүмдүктөрдүн бийиктиги 17-66см, жыштыгынын орточо саны 101-593 экендиги аныкталды. Топурактын үстүнкү катмарындагы (0-10; 0-20 см) өнүмдүү нымдуулук, эң төмөнкү талаа нымдуулугунан (ТТН) Ноокат, Кара-Суу, Жети-өгүз, Жайыл жана Чүй аймактарында оптималдуу ченемден жогору болуп 71-206%ды түздү, ал эми Ысык-Ата, Соокулук, Кочкор жана Түп аймактарында оптималдуу ченемден төмөн болуп 32-65%ды түздү. Суугаруу иштерин жүргүзүү зарыл болгон.
Май айынын биринчи он күндүгүндө Жайыл, Ыссык-Ата, Кара-Бура, Ноокен, Сузак, Кара-Суу, Жети-Өгүз, Бакай-Ата жана Өзгөн аймагында “баш алуу” фазасы белгиленди, ал эми айдын үчүнчү он күндүгүндө “гүлдөө” фазасы Жайыл, Ыссык-Ата, Кара-Бура, Ноокен, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу аймактарында байкалды. Өсүмдүктөрдүн узундугу 53-96см, 1м2 өсүмдүктөрдүн жыштыгынын орточо саны 103- 1793 баш.