Агрометеорологиялык баяндама

Дыйканчылык аймактар. Абанын орточо он күндүк температурасы көп жылдык климаттык ченемге салыштырмалуу баардык аймактарда 2˚...7˚га жогору болду. Ал эми  өткөн жылдын ушул мезгилиндеги абанын температурасына салыштырмалуу Нарын облусунда жана Ак-Суу аймактарында -2˚...-1˚ка төмөн болуп, калган аймактарда 1˚...9˚ка жогору болду. Күндүзгү абанын температурасы Чүй, Сокулук, Аламүдүн, Талас, Ноокен жана Токтогул аймактарында 37°...40°, Ысык-Көл облусунун жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Аксы(Пача-Ата) аймагында 27°...30°, ал эми калган аймактарда 31°...36°ка чейин болду. Түнкүсүн абанын температурасы Жалал-Абад, Ноокен жана Өзгөн аймактарында 14°...20°, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ат-Башы жана Кочкор аймактарында 1˚...3˚, ал эми калган аймактарда 4˚...12˚ болду. Жаан-чачын 1-3 күндүн ичинде катталып, көлөмү 0,4-43 ммге жетти. Мындай жааган жаан-чачындар көп жылдык климаттык ченемге салыштырмалуу Түп, Ысык-Көл жана Ак-Талаа аймактарында                     106-138%ды түзүп, ченемден жогору, ал эми калган жайыттарда ченемден төмөн болуп           2-60%ды түздү. Өткөн жылдагы жааган жаан-чачын менен салыштырганда Ысык-Көл жана Жумгал аймактарында ченемден жогору болуп 110-113%ды түзүп, калган жайыттарда ченемден төмөн болуп 2-80%ды түздү.

Катуу шамал (15 м/с жана андан жогору болгон күндөр) Беш жолу Нарын аймагында, үч жолу Ысык-Көл аймагында, эки жолу Жайыл, Чүй жана Кочкор аймактарында, бир жолу Аламүдүн, Ысык-Ата, Алай жана Айтматов аймактарында катталды.

Арип өлчөмү
Контраст
Loading…
Loading the web debug toolbar…
Attempt #